Анекдот - кыргызча

Пара бербеген студент!

Мугалим студентке суроо берип жатат дейт.
Мугалим :
— Айтчы кана самолеттун бортунда 500 кирпич бар бирөө кулап кетти канча кирпич калды?
Студент :
— Оой агай бул оңойда.., 499 калды.
Мугалим :
— Туура! таптын ал эми пилди муздаткычка 3 кыймыл менен салыш керек.
Студент :
— Муздаткычты ачабыз пилди салабыз муздаткычты жабабыз.
Мугалим :
— Туура! анда бугуну 4 кыймыл менен салыш керек.
Студент :
— Муздаткычты ачабыз, пилди алабыз, бугуну салабыз, муздаткычты жабабыз.
Мугалим :
— Туура! Анда арстандын үйүндө туулган күн болуп жатат, баардык жаныбарлар барыптыр, бирок бир жаныбар барган жок, кайсы жаныбар барган жок?
Студент :
— Бугу барбай калган, себеби ал дагы деле муздаткычта.
Мугалим :
— Туура! бир американец дарыянын аркы бетине өтүш керек, бир канча крокодил бар, анан өтүп кете алабы?
Студент :
— Өтүп кетет себеби крокодилдер да арстандын үйүнө кеткен.
Мугалим :
— Туура! Бирок американец мерт болуп калган, эмне кырсык болгон?
Студент :
— Дарыяга чөгүп өлгөн агай, себеби крокодилдер туулган күнгө кетип калышкан.
Мугалим :
— Туура эмес! Жанагы самолеттон кулаган кирпич американецтин башына түшкөн..!!! Кайра тапшырасың деген экен пара бербеген студентке.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!