Анекдот - кыргызча

Таң кала берем

Амерканын аялдары: Күйөөсүнө i lоvе uoу деп жалдырап атышып, жашоосунда бир гана балалуу болушат экен.
Орустун аялдары: Я тебя люблю деп жалдырашып эки балалуу болушат экен.
Ал эми кыргыздын аялдары: Ары жатчы, ары жатчы, деп атышып, бер жагы беш балалуу болушат экен.
Бул тамаша эмес, шариатта айтылган! Эгерде аялы күйөөсүн күлүп карап койсо 20 сооп алат. Кучактаса 50сооп алат. Жакшы тамак берсе 100сооп, Каякта жүрдүн дебесе, сооп аларын билбейм го бирок күйөөсүнөн белек алат. Мына көрдүңөрбү ушинтип сооп таба берсе болот.
Биздин жеңелер качан күлүп карайт? Акча керек болгондо, же апасына бараарда э. Жеңең укту дегиче, жер жүзү укту деп бил деген макал бекер айтылбаса керек.
Ушак дегенде, кулактары антена болуп калат го чиркин. Базардан жаңылык угуп барып, аялыма айтайын деп атсам, менден биринчи аялым мага айтат ошол жаңылыкты.
Жаман таңгаламда, негизи мен таңгалбай турган нерсеге дагы таңгала берем.
Кошунамдын ити бар өзүнө окшогон ага да таңгалам.
Андан дагы коноко бараарда жаман күйгүзөт да кишини.
Биз эми эркекбизго бетти кир самын менен жуйбуз да, өзүбүздүн рабочий бир шым, бир көйнөк жемпир болот ошону кийдик болду даярбыз.
Ал эми аялдарчы, күзкүнүн алдында 2 саат турат, болгон көйнөгүн кийип чечет, ошонун арасында сага закас берет: туфлимди шоткалай берчи, мени жалдырап карабай дейт. Ошол жерде уршуп жүрмөк белең, макул дейсиң.
Анан коноко жеткенче, мээңди жеп барат, кел ич десе эле иче бербесең. Минтсең тигинтсең деп.

Автору: Алтынбек Эгембердиев

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!