∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Жолдун боюндагы кафеге КАМАЗ келип токтойт. Айдоочусу ичкериге кирип, үч шашлыкка заказ берет. Бир мезгилде ошол эле кафеге ат минген көпкөлөң 3 жаш жигиттер пайда болушат да, аттарын байлап, кафеге кирип келип, эми эле тарелкага салынып жаткан Камазисттин шашлыгын тартып алып жей башташат. Камазист унчукпастан, шашлыктын акчасын төлөп чыгып кетет. Бир мезгилде жигиттер терезеден тиктеп турган официанткага:
-Көрдүңбү, тигил неме чыныгы жигитке окшоп, жада калса өзүнүн ырыскысын да коргой албайт экен…
Официантка: -Ооба, анысы аз келгенсип, машинени деле жакшы айдай албайт окшойт, чыгып баратып мамыда байланып турган үч атты тебелетип кетти…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бала бакчада бир кыз мага абдан жакчу, тушку эс алууда ооп коёюн деп, керебети узак болгондуктан, тукурдум.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
-Кечээ өзүмө жаңы шарф сатып алдым, бирок күйөөмө жакпай калды… -Анда дүкөнгө барып башкасына алмаштырып ал… -Кызыксың го, күйөөнү кантип дүкөндөн алмаштырып беришмек эле…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
-Жаным, бугун коноктор келет, тамак даярда.
-Макул, дагы келе турган кылып жасайынбы же келбей турган?

