Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Милиционер командирине абалды түшүндүрүп жатат:

– Бүгүн бир кызыктай буйрутма киши өлтүрүү катталды. Акыркы текшерүүчү ок башына эмес көчүгүнө атылыптыр.

– А кимди өлтүрүшүптүр?

– Жогорку Кеңештин депутатын.

-Ааа, анда түшүнүктүү… Акылдуу киллер экен. Азыркы учурда алардын керектүү органы кайда экенин билет экен…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Ташмат Акматка:

-Акмат, ушу Ак үйдү боз үйдөн эле куруп, күндө ордун которуп, көчүрүп туруш керек экен деп ойлоп калдым.

-Эмнеге?

-Элестет, сен түнү менен митингге даярданып эрте менен келсең эле Ак үй жок! Сен издеп тапкыча күн кечтейт. Тиги 120 бекерпоз да үй чечип, кайра тигип иштеп турмак.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Ташмат короосунда самогон кайнатып атып, суу алганы кудукка барып келгенче, эки милиция пайда болот:

-Ии, самогон кайнатып жатабызбы? Түшүнүк кат жаз!

-Эмне деп жазам?

-Болгонун болгондой жаз.

Ташмат ары-бери жаза салып, экөөсүнө карматат. Экөө окуп жатат: “Ушшшшундай карасам короодон түтүн чыгып жатат. Өрт чыккан го деп шашып, эки чакага суу көтөрүп келе калсам, эки милиция кызматкери самогон кайнатып жатыптыр.”

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Кечирим сурайм, Айшакан айым, менин тоогум сиздин гүлзарды тебелеп салыптыр деп уктум.

– Кечирим суроонун зарылдыгы жок, Ташмат мырза, сиздин тоогуңузду менин дөбөтүм жеп салган.

– Анда эң эле сонун болуптур, Айшакан айым. Сиздин дөбөт менин машинемдин алдында калды.

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!