∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
АКШ.
Кичинекей кызга үрүп жаткан итти көрүп, бир киши уруп, кокусунан итти өлтүрүп алат.
Гезиттерде: “Америкалык баатыр, кызды иттен куткарды.”
Киши: “Мен Америкалык эмесмин.”
Гезиттерде: “Чет өлкөлүк баатыр, кызды иттен куткарып калды.”
Киши: “Мен арабмын.”
Гезиттерде: “Ислам террористи кичинекей кыз менен ойноп жаткан күнөөсүз итти өлтүрүп койду!!!”
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир мас көчөдө дубалды таянып араң келе жатса, көлчүктө дагы бир мас жатат дейт.
Анда дубалды сүйөнүп турган мас:
– Эй, эмне жатасың? Алыңа карап ичпейт белең? – десе:
– Көрөм сени азыр дубал бүтсө… деген экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир жигит шаардан айылына барып калат. Бир айылдашы кезигип:
– Ээ иним, шаарда жашоо кандай? – дептир. Анда тигил айтат дейт:
– Баары эле жакшы, бирок суу ичкенде кыйналып жүрөм, – дептир. Айылдашы:
– Эмне болуп кыйналып жүрөсүң? – десе, шаардан келген жигит жооп берип жатат дейт:
– Жипти тартканда шар этип агат, ичип калсаң ичтиң, үлгүрбөй калсаң агып кетет, – дептир.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Аялы менен күйөөсү көпүрөдө өзүнчө романтика кылып олутурушса, аялы күйөөсүнөн сурайт:
– Азыр мен ушул жерден секирсем, куткарат белең? – десе, анда ээри:
– Ооба, десем, секиресиңби? – деп сүйүнүп кетиптир.

