Анекдот - кыргызча

Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка

Бир аял зоо-магазинге кирип сатуучудан попугай көргөзүүсүн өтүнүптүр. Сатуучу кыз бир эле попугай калганын айтып, кааласа аны сатаарын билдирет. Аял попугайды карап көрүп алам дейт.
Сатуучу кыз бул попугайдын мурда сойку канада жашаганын, ошон үчүн ар кандай сөздөрдү сүйлөп жиберээрин эскертет. Сатуучунун эскертүүлөрүнө көп деле маани бербеген аял, попугайды сатып алып үйүнө алып келет. Үй ичин бир сыйра айланып карап койгон попугай мындай дейт:
– “Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка”. ..        ⇒Сайт АНЕКДОТ.KG
Аны уккан аял күлүп калат. Бир убакта аялдын эки кызы сырттан үйгө киришет.
Аларды көргөн попугай кайра сүйлөйт:
– “Ооо жаңы үй, жаны хозяйка, жаңы жапжаш кыздар”…
Эч текени түшүнбөй калган кыздарына тиги аял болгон ишти түшүндүрүп берет.
Кыздары да күлүп калышат. Бир убакта үйдүн ээси “жумуштан” келет дейт. Аны көрөөрү менен попугайга кайра тил бүтөт:
– “Ооо жаңы үй, жаңы хозяйка, жаңы жапжаш кыздар, а клиенттер ошол эле бойдон го”…😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!