∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
МАИге жиндилердин кереги жок.
Эртең менен психиатриялык оорукананын башкы врачы – Эрмек Сүйүндүков ооруларды обход кылып жүрөт.
– Үчүнчү палатада ким бар?
– Наполеон.
– Төртүнчүдөчү?
– Эйнштейн.
– Бешинчидечи?
– МАИде иштеген Карамурзаев Бакыт.
– Эмне диагноз менен жатты?
– Пара албайт экен…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Үкүгө үйлөнүпмүн.
Мирлан Бакиров врачка келет:
– Доктор, мага жардам бериңизчи? Аялым эртең мененки саат алтыга чейин уктабай отура берет.
– Уктабай эмне кылат?
– Мени качан келеримди күтүп…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Сөздүн кыскасы, колбасанын узуну жакшы.
Алмаз Баатырбеков Жогорку Кеңештин басма сөз кызматына телефон чалып атат:
– Эртең регионго, шайлоочулар менен жолугушууга барам. Ошондуктан, мага жакшы бир доклад даярдап бергиле. Жолугушуу учурунда окуп бергендей болоюн.
– Сизге эки эле сөз керек, Алмаз Баатырбекович. “Макул, чечем” деген.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Куру убада.
Элмира Ибраимованын күндөлүгүнөн:
“Эркек аттуунун баары “кыздар үчүн ойду омкоруп, тоону томкором” – деп убада беришет. Бирок ушул жашка келип, бир да томкорулган тоону көрө элекмин.”
