∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Студент университеттин ашканасына келсе бош орун жок экен. Профессордун жанына келип отуруптур. Профессордун жини келип:
– Билбейсиңби, каз менен чочко бир жерде тамактанбайт, – деп урушуп бериптир. Анда студент:
– Макул анда мен учуп кетейин деп туруп кетип калыптыр.
Ага жини келген профессор “сынакта буга көрсөтөм!” – деп ойлонуп коюптур.
Сынак учурунда эң оор суроолорду бергенине карабай, студент бардык суроолорго туура жооп бериптир. Аягында агайы сураптыр:
– Сага бир кап акыл же болбосо бир кап акча сунушташса, кайсы бирин алмак элең?
– Акчаны, – деп жооп бериптир, студент.
– Мен болсо акылды алмакмын, – дептир, профессор. Анда студент:
– Кимге эмне жетишсиз болсо ошону алат да, – деп дагы профессорду мат кылып коюптур. Аябай жинденген профессор студенттин зачеткасына баанын ордуна чоң кылып “Эшек” деп жазып коюптур. Студент ага карабай эле зачеткасын алып чыгып кетиптир. Бир канча күндөн кийин профессордун кабинетине келген студент айтыптыр:
– Агай, сиз баа коё турган жерге кол кою коюптурсуз…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Акмат менен Ташмат сынакта катар отуруп калышат. Экөө тең даярдыгы жок болгондуктан, суроолорго эмне жазаарын билбейт. Акмат баары бир жаза албашын билип, сынак бүткөнчө эле кагазына эч нерсе жазбай тапшырып чыгып кетет. Ташмат сынактын аягына чейин отурат, бирок кагазында бир сөз жок. Сынактан чыккан Ташмат:
-Акмат, сынактын аягына чейин отурбадың. Эмне жаздың?
-Актай баракты бердим.
-Мен да эч нерсе жазбадым, сен да эч нерсе жазбаптырсың. – Эй Акмат, “экөө катар отуруп бири-биринен көчүрүптүр” – деп ордубузда калтырып койбойбу?
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Студент кыз менен жигит кафеге киришет. Жеңил салат заказ кылып көпкө чейин отурушат. Кыз улам-улам менюну карап коюп отура берет. Бир кезде жигит:
– Эмне, ысык бир нерсе заказ кылалыбы?
Анда кыз сүйүнүп кетип:
– Ооба.
Жигит официантты чакырып:
– Бизге бир чайнек чай берип коюңузчу!

