Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Ош – Бишкек жолунда Оштуктар менен Таластыктар бир машинеде баратып, сөз талашып кетет экен. Бир кезде Таластык айтып жатат дейт:

– Оштуктар жумуртканы тукум дейсиңер, тукум деген сөз кыргыз тилинде жок, ал өзбек тилинен алынган. – деп. Анда тиги Оштук:

– Тукум деген сөз кыргыз тилинде баар десе, тиги Таластык:

– Жоок, – деп, такыр баш бербей келатканда, бир маалда Суусамырдагы Таласка бурулчу жерге токтотуп, Оштук айтып жатат дейт:

– Тээтиги Манас Атабыздын эстелигин көрдүңбү? Ошол жерде “Манастын тукумдары” – деп жазылып турат. Ошону барып, “Манас Атабыздын жумурткалары” – деп өзгөртүп коой деген экен, Оштук бир аксакал.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Мугалим эжеке окуучуларды чогултуп алып, эстелике сүрөткө түшүп коелу деп жатыптыр. Арадан жылдар өтөт, бири-бириңерди эстейсиңер.
– Айбек адвокат болуптур, Айгүл доктор болуптур, Акыл бизнесмен болуптур деп эстейсиңер дегиче болбой, аркадан бир окуучу:
– Раматылык эжеке, жакшы эжеке эле, жаткан жери жайлуу болсун! – дейт экенбиз да – дептир.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Аялы:

– Жаным, мени сага Кудайым белек кылганы чынбы ?
Күйөөсү:

– Ооба чын, бирок кайсы күнөөм үчүн билбейм…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апа, ар бир баланын атасы болуш керекпи?
– Ооба, балам. Ар бир баланын атасы болуш керек.
– А эмнеге биздин үчөөбүздүн атабыз бирөө?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!