∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Атамбайып Ошко барып Сулайман тоо музейине кирип калат. Аралап жүрсө бир эски лампа турат дейт. “Бул эмне?”- деп музейдин деректиринен сураса, анысы “Бул жөнөкөй лампа эмес”- деп капталын сүртсө ичинен Жантөрө деген жин чыгат экен. Деректир: “Жантөрө ака, экита көк чай” – десе, жин “хоп” – деп туруп, алаканын чапса эки көк чай даяр болот. Атамбайып “Оо, бул жакшы оокат экен, мен алып кетейин” – деп Бишкеке алып келип, министрлерди жыйнайт. – Мен жаңы премьер-министр алып келдим, болгон көйгөйдүн баарын ошол чечет” – деп лампанын сыртын сүртсө, Жантөрө деген жин пайда болот. – Жантөрө, сен премьер-министрсиң, дароо Кумтөр маселесин чеч – десе, анда джин – Алмаз ака, мен көк чай даярдагандан башка эч балаа билбейм – дейт экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бишкек мэри (мурунку) Иса Өмүркулов кабинетинде отурса, курулуш фирмаларынын биринин директору телефон чалат.
– Иса Шейшенкулович, биз Германиядан жаңы “Мерседестерди” алып келдик эле. Ошолордун бирин сизге белек кылалы (!) деп чечтик.
– Болбойт. Мен пара албайм.
– Андай болсо, сизге символический жүз долларга саталы.
– Жүз доллар дейсиңби? Анда, эки-үчөөнү сатып алам…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Тамтыгыңды чыгарышат.
Жантөрө Сатыбалдиевден небереси сурап жатат:
– Чоң ата, “мамлекеттик деңгээлдеги групповой зордуктоо” – деген эмне?
– Албы? Өкмөттүн парламентке бир жылдык отчет бергени…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Талант Исаев генерал наамын алып, үйүнө кубанычтуу келет.
– Ата, генералдыкты сага эмне үчүн беришти? – деп сурайт уулу,
– Кылмышкерлерди кармаганың үчүнбү?
– Жок.
– Мас айдоочуну кармаганың үчүнбү?
– Жок.
– Анда, эмнеге?
– Эмнеге болмок эле? Акчага.

