∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Физика сабагында мугалим Акматты тургузуп:
– Акмат, жайдын күнү автобустасың, күн аябай ысык. Эмне кыласың?
– Терезени ачам, агай.
– Азамат! Анда терезеден кирген абанын коэффициентин айтчы.
– Би-и-илбейм, агай.
– Эки! Отур!
Мугалим окуучулардын баарын бирден сурап баштайт. Туура жооп жок. Акырында Ташматты тургузат.
– Кана сен эмне кылат элең?
– Агай, ысысам көйнөгүмдү чечем.
– А аябай ысык болсочу?
– Анда майкемди да чечип салам.
– Адам чыдагыс болуп кетсечи?
– Агай, өлүп кетсем да терезени ачпайм.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бишкектен бир жигит Новосибирсктеги досуна чалып жатат:
– Досум, кандайсың? Иштер болуп жатабы? Суукта кыйналбай элесиңерби?
– Жок, ай… -20 даража, анчалык деле суук эмес, көнүп калат экенсиң…
– Ааа… Азыр телевизордо -50 даража деп көрүп коркуп кеттим эле. Анчалык суук эмес жерде окшойсуң.
– Жок, телевизордо айтылып жаткан сырттагы абанын даражасы…
