Анекдот - кыргызча

Апасы кызын турмушка узатып жатып

Апасы кызын турмушка узатып жатып:
– Кызым күйөөңү баш ийдирип алыштын башкы тепкичтерин айтайын.
1- тепкич: күйөөңүн иштен келишине тамак жасап алдына салып бер бирок чай койбо, өзү туруп чай коюп келсе анда биринчи тепкичтен өткөн болосуң.
2- тепкич: эртеси тамак жасап бирок салып келип бербе, өзү туруп барып чай коюп тамак салып келип жесе анда экинчи тепкичтен да өтөсүң.
3- тепкич: кийинки күнү эч нерсе жасаба өзү баарын жасаса анда жеңиш сеники- дептир.
Арадан 10, 15 күн өтүп апасы кызын көргөнү айылдап барса кызынын бир көзү көкмөк болуп жүрөт дейт.
– ии кызым эмне болду?
– апа 2 тепкичтен өтүп, үчүнчү тепкичке келгенде кулап түштүм да – деп коёт имиш😂😂😂🤣

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!