Апенди

Ата сөзүңдү эки кылбайм

Кичинесинде Апенди оң айтса, тетири иш кылган кежир бала болуптур. Атасы экөө тегирменден эшекке ун артып келатып, кечүүдөн өтүп баратканда, эшектин жүгү оой баштайт. Уулун дайым тетири айтып, оң иштетип көнгөн атасы эми деле ошентсем, оогон капты оңдоп коёр деген ойдо уулуна кыйкырат:

– Эй, уулум! Ун оогон жок, катуу түртүп жибер, ошентсең кап сууга түшпөйт! – деп.

– Сен мени баласынтпа, ата! Чоңойгонум качан. Өмүр бою эле тетири боло бермек белем, бу саам сөзүңдү эки кылбайм – деп, капты түртүп койсо, кап ун-пуну менен сууга күп дей түшкөн экен.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!