Окуялар

Бала кез ширин кез

Бала кез ширин кез экен го. Келгиле эстеп балалыкта кылган кулкулуу окуяларды эстейбиз.

Мен кичинемде синдим экөөбүз кылган кылыгыбызды эстеп дагы да жылмайып алам балким силерге да жылмаюу тартуулар. Анда биз 5-6дагы кез го. Үйдөгүлөр мейман келет деп даярданып жатышкан. Эски үй анан жаны үй деп короодо эки үйүбүз бар. ⇒Сайт АНЕКДОТ.KG

Чондор эски үйдо салат – сулат жасап атышкан. Биз тигил үйдо синдим экөөбүз элек. Ойноп атып боорсокко деп жуурулган камырды көрүп калдык. Ачып ашып ташып атыптыр. Бизге кызык болуп камырды колубуз менен кармалап атканбыз.

Бир убакта кел үйдү краскалайбыз деп камыр менен эшик терезелердин баарын аппак кылып сырдап салдык оло чарчап кебетебиздин баары камыр, отуруп калдык. Биз ага чейин үйдү актап сырдап жаны эле ремонт кылганбыз да ошону көрүп эстеп калганбыз деп ойлойм.

Жеңемдер келди камырга бышыралы деп оооо ошондогу биздин чырылдап качып жүргөнүбүз. Көрсө камыр катып эшиктерге бекип кургап калыптыр да. Кечинде эл келет деп атышат. Өлө уруш жегенбиз азыр эстеп күлүшөт, биз дагы :-)))

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!