∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Үй ээси караса кызматчы кыз, нерселерин жыйнаштырып кетип жатат имиш.
– Чоң кыз, эмне болду, мен сени билбей капа кылып койдумбу, эмнеге кетип жатасын?
– Сиз мага ишенбейт экенсиз…
– Неге антип ойлойсун? Мен сага ишенбесем өзүмдүн алтын шакектерим турган сандыктын ачкычын сага бермек белем? Ойлоп көрдүңбү?
– Ойлоп көрдүм. Бирок сиз берген ачкыч ал сандыкка туура келбейт экен го…?
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Ата программист баласы менен машинеде кетип баратса, машине бузулуп калыптыр. Атасы баласына:
– Эмне кылыш керек? – деп сурап көрүптүр. Анда программист:
– Машинеден чыгып, кайра кирип көрүш керек…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир еврей машинесин токтотуп коюш үчүн жер издеп жатат. Өчөшкөндөй ошол күнү машине коё турган бош жер жок! Еврей кудайдан сурады:
-Эй Кудай, азыр менин машинемди токтотуп коюш үчүн бир жер таап берсен, сен үчүн күнү-түнү ибадат кылам, жалгыз сен үчүн орозо кармайм, сенин ыйык кылган мөмөлөрүңдөн гана жейм.
Ошол маалда бир машине ордунан жылып жай бошоп калды. Анда еврей:
– Кудайым, сен убара болбой эле кой, мен өзүм таап алдым, – дейт имиш.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Реклама агенти жаңы товарын реклама кылуу үчүн үйлөрдүн бирине келди.
– Билесизби, килем менен байланыштуу кээ бир көңүлсүздүктөр болуп турат. Мисалы… – деп колундагы боёкту жаңы килемге төгүп салат.
Үй ээси башын кармап калат.
– Биздин жаңы товарыбыздын жардамы менен килемдеги проблема тууралуу эч кайгырбайсыз.
– Жаңы порошокпу, ее…? Силердин товарыңар?
– Жок, бул жаңы тынчтандыруучу дары.