Апенди

Төшөктө сен, мен анан сенин мурунку күйөөң үчөөбүз

Бир күнү Кожо Насреддиндин аялы оо дүйнө салат. Бир ай өткөн соң бир жесирге үйлөнөт. Үйлөнгөн аялы мурунку күйөөсү жөнүндө тынбай кечке айта берет. Бир күнү дагы төшөктө жатып «күйөөм мындай болчу, тигиндей болчу, минтчү, тигинтчү…» деп айтып жатса эле Кожо Насреддин жинденип бир тээп аялын төшөктөн ары түшүрүп салат.
Аялы:
-Ай кудай, эмне болду? Эмне мени түшүрүп салдың?
-Төшөктө сен, мен анан сенин мурунку күйөөң үчөөбүз жаткандан батышпай кетпедикпи. Анан сен түшүп калдың да.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!