∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бала мектептен келгенде, шапкасы ылай болуп калганын көргөн апасы:
– Айт, эмне болду?
– Балдар шапкамды алып футбол ойношту.
– Сенчи? Сен эч нерсе кылган жоксунбу?
– Мен дарбазада турдум…
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Касап адвокатка келиптир:
– Билесизби, бир ит менин сатып жаткан эттериме тийип, эттерди арам кылып койду. Аларды эми сата албайм. Эмне кылсам болот?
– Ал иттин ээсин билесизби?
– Ооба.
– Анда бул оңой эле иш. Иттин ээсин сотко бересиз, саталбай калган этиңиздин акчасын андан алып алышыңыз мүмкүн. Иттин ээси ким?
– Ал сиздин итиңиз болчу.
– Аа, ошондойбу? Канча акчалык этти сата албай калдыңыз?
– 3 кг. 450 сом болот.
– Менин адвокаттык иш акым болсо 900 сом болот. Сиз мага 450 берсеңиз, эсеп туура болот да, ее?
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Түн ичинде Апендинин үйүнө ууру кириптир. Алар колуна тийген көр-жөрдү алып качып баратышса, Апенди да жууркан-төшөгүн көтөрүп, артынан жөнөп калбайбы.
– Ээй! Сен каякка?! – деп кыйкырышат уурулар. Анда Апенди:
– Көчүп баратпайбызбы? – деп коёт имиш.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Бир жолу Апенди там үстүнөн кулап кетет. Көчөдөн өтүп бараткан бирөө:
– Ой, Апенди, жерде эмне жатасың? – дейт эңкейип.
– Эмне үчүн жерде жатканымды билгиң келсе, өзүң тамдан кулап көрбөйсүңбы? – дептир Апенди, көзүн араң ачып.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Эмир-Темир Апендиден сураптыр:
– Сенин жылың кайсы?
– Туулганымда жылан эле, азыр ажыдаар болуп калса керек. – дептир Апенди.