Ырлар

Кайсыл кылган катам үчүн

Жан болдуң, жүрөгүмө азап салган,
Жообу жок, өзүңдөн сүйүүм калган…
Башкага, кеткениң аз келгенсип,
Чакырдың тойуңа, кандай барам?!!!
🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀
Баарын көрдүм, коё тургун айла табам,
Жуучу келди, ооба сага туш тараптан.
Өзгө жандын, босогосун аттаган соң,
Чакырдың тойуңа, кандай барам?!!!
🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀
Турмуштун ызгаар суугун кечип жатсам,
Суук кабар, күчөп келди сыздап жатам.
Чакырууну, өзүң каалап жазыптырсың,
Ойлонуп көр, тойуңа кандай барам?!!!
🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀
Күнүм элең, агарып таңым аткан,
Дем алсам, абамсың жутуп жаткан.
Өзүңсүз, жалбырактай куураган да,
Чакырдың тойуңа, кандай барам?!!!
🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀🥀
Ким азгырды? Кимге өмүр байладың?
Эмне кылык? Күтпөй кетип кылганың.
Кайсыл күнөөм? Кайсыл кылган катам үчүн,
Чакырдың тойуңа сен, бара албадым..

Автору: ELmuSS

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!