Анекдот - кыргызча

Жалкоолордун чогулушу

Төрөгалык кылган жалкоо сүйлөп
жатат:
– Урматтуу жалкоолор! Бүгүнкү
чогулуштун күн тартибинде карала
турган бир эле маселе бар, биз
дагы жалкоолоно бербей эл катары
иштейли, өлкөгө пайда келтирели.
Залдан үндөр:
– Туура иштеш керек
– Колдойбуз… төрага:
– Таак эмесе качан баштайбыз? Дүйшөмбүдөнбү?
– Дүйшөмбү күн оор күн да эс алабыз.
– Шейшембиден иштейли анда э?
шейшемби оор күндүн эртеси болот
кантип иштемек элек?
– Шаршембичи?…. Зал көөпкө дымыйт,
зал-демек шаршемби иштейбиз.
– Пайшамбачы? (Бейшемби)
– Ээ ал күнү майрам да… иштебейбиз…
– Жума күнүчү? Жараткандын улуу күнү
иштемек белек?
– Ишембичи?
– Ишемби ансыз деле
короткий күн эс алалы.
– Жекшембичи?
– Кызык. бүт дүйнө эс алып
жатса биз иштемек белек…
– Таак ошентип шаршемби күнү
иштей турган болдук, ким каршы?
ким калыс?
– Залдан кыйкырык чыгат:
– Ээ төрага, ошентип ар шаршемби
иштей беребизби? Качан выходной?

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!