Анекдот - кыргызча

Датасы бар кыздыкты биринчи жолу көрдүм

Мектепте жогорку класста окуган окуучу кыздарды гинекологдон медосмотрдан өткүлө деп калат. Анан эбак эле кыз болбой калган 2 кыз, ии эми шерменде болобуз, ата-энебизди мектепке чакырып уят кылышат деп бир айласын издей башташат.
Ойлонуп отуруп, бирөө колбасанын сыртындагы чел кабыгын салып алалы деп сунуштайт.
Оо, сонун идея деп аны экинчиси колдоп, ал дагы ошол колбасанын кабыгын салып алат.
Эртеси күнү гинеколог текшерип баштаганда, баягы кыздардын бирөө жөн эле өтүп кетет. Экинчисине келгенде гинекологдун көзү алайып токтоп калат. Билип калды го деп коркуп кеткен кеткен кыз “эмне болду, кыздык жок бекен?” деп сураса, врач “ушул жашка келгиче канча кыздык көрдүм, бирок датасы бар кыздыкты биринчи жолу көрүп жатам” дептир.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!