Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Француз комедиографы Ашардан достору сурашат:
– Аялды кантип катуу жазаласа болот?
– Шляпасы көп, бирок күзгүсү жок бөлмөгө камап коюп… – деп жооп бериптир атактуу куудул.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир күнү Апенди атын тетири минип келиптир.
– Атка тетири минип жинди болдуңбу? – дейт аялы аны аттан түшүрүп жатып.
– Мен тетири минбей эле, ат өзү тетири туруп алса эмне кылайын? – деп актаныптыр ал.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Апенди бирөөнүн короосунан шагы ийилген алмаларды көрөт да бийик дубалынан артылып араң түшөт. Мөмөлөрдү койнуна салып жатканда үй ээси көрүп калып, кубалайт. Апенди безип качып келатып дубалга жакындаганда тигиге кыйкырат имиш:
– Буттап жибер, бай болгур! Буттап жибер!

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир күнү шаар башчысы Апендинин ачуу тилинен айып таап, дарга асмак болот. Аянтта эл додо. Салаңдап турга сыйыртмак жиптин алдындагы Апендиге өкүм ээси: “акыркы өтүнүчүңдү айтып кал,” – деп кайрылат.
– Бир гана суранычым бар, – дейт Апенди. – Мени ассаңар да белимден ассаңар, анткени мойнумда кытыгым бар эле…

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!