Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Студент ашканада мугалиминин жанына келип отурду. Мугалими аны тоготкусу келбей:
– Чочко менен илек-илек бир жерде тамактанбайт, – деди. Анда студент ордунан туруп:
– Макул, анда мен учуп кетейин, – деп жооп берген экен.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Доктордон сурашат:
– Кайсы оору эң жакшы?
– Менимче склероз.
– Эмнеге антип ойлойсуз?
– Неге дегенде… Эч жериңиз оорубайт. Кала берсе күндө жаңылык угуп турасыз.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Бир кишинин үйүнө конок келип, көп убакытка чейин калып кетиптир. Бир күнү үй ээси андан:
– Балдарыңызды сагынбадыңызбы? – деп сураптыр. Ал болсо:
– Аябай сагындым. Бирок кечээ телеграмма жибердим, эртең келип калышса керек, – дейт имиш.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Уктуңбу, Таалай больницада жатат экен.
– Койчу, эй, мен аны кечээ эле көрдүм го… Бир сулуу кыз менен басып жүрдү эле…
– Ошол сулуу кыз менен басып жүргөнүн аялы да көрүптүр да.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Аялы:
– Мен сага мындан кийин үйгө ичип келбе, деген эмес белем?
Күйөөсү:
– Мен ичип келген жокмунннн…
– Анда бул эмне абал?
– Мен келген жокмун, досторум алып келип коюшту…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Аялы күйөөсүнө:
– Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, – деп жатат.
– Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм…

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!