Апенди

Апендинин жоруктары

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Аялы менен куйөөсү уктап жатат.
Эртең менен аялы:
– Күйөөм келди! – деп чочуп ойгонот.
Күйөөсү чуркап чыгып, балкондон секирип,
жерге кулап баратып:
-Анда мен ким-м-и-и-и-и-и-н? – дептир

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Атасы гезит окуп жатып
бир макалага көзү
түшөт. Макала батыш менен 10 миллион
долларга контракт түзгөн жаш футболчу
жөнүндө болот. Ордунан туруп барып, сабак
окуп жаткан баласынын жанына барып,
башын бир шапалакты койуп:
– Отурасынбы сабак окуп… барып топ тепсең
боло.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Алы-жайың кандай? – дептир бир саам Темирлан Апендиден.

– Айгырдай! – деп койкоңдоптур анда Апенди.

– Эшек элең, эми айгыр болсоң, буюрса, далай жерге жетет экенсиң, – дейт Эмир тигини мазактап.

– Антпесем ордодогулардан айырмам болгудай эмес, дептир Апенди.

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

Аялы күйөөсүнө:
– Сен менин туугандарымды жакшы көрбөйсүң, – деп жатат.
– Жок, мен сенин туугандарыңды аябай жакшы көрөм, сыйлайм. Мына, мисалы, сенин кайненеңди өзүмдүн кайненемден миң эсе көбүрөөк жакшы көрөм…

∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗

– Банкоматты бузуп акча алуу үчүн хаккер кайсы иштерди аткарат?
– Колуна балта менен ноутбукту алып банкоматка келет, банкоматты балта менен бузуп акчаларды алат.
– Балта менен урса, а ноутбуктун эмне кереги бар?
– Ноутбугу жок хаккер хаккер болмок беле?

Предыдущая страница 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12Следующая страница

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!