Ырлар

Жан шергигиң тартышпаса турмуш өгөй…

Жан шергигиң тартышпаса турмуш өгөй…

Ырыскысын жайнатып, жөлөк болуп,
Өйдө – ылдый, жашоодо өбөк болуп
Мээрим менен ынтымак турса үйдө
Кандай жакшы , көздөрдө сүйүү толуп

Эркек болуп, үйгө баарын таап келсе,
Чарчаганын жубайы жакшы билсе,
Дасторконун жайнатып тосуп алса,
Кандай жакшы, үйүнө оомат кирсе ..

Жаңжал эмес, дайыма тынчтык болсо
Кетпес дөөлөт, үйүндө кут орносо…
Ыйман менен береке эриш – аркак,
Кандай жакшы, береке ашып толсо …

Эгер күйөө, иштебей жалкоо болсо,
Тапканын ичимдикке жумшап койсо,
Береке, ырыскынын баары качат,
Аракка ичип алып, курсак тойсо…

Жеп жатаар, уялбаган күйөө менен,
Жашаган аялга рахмат делген…
Балдарын күйөөсун кошо карап,
Түйшүк менен өмүрү өтөт экен…

Жүгүн артып, иштебеген эркек сөрөй
Менен жашаган аялда бүтпөс көйгөй
Балдар деп,эмгектенип өтөт байкуш,
Жан шериги тартышпаса, турмуш өгөй

Автор:Темирова Н.К

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!