Анекдот2

Токтогулга жеткенде

Оштон Бишкекке такси жөнөп калыптыр.
Жалал-Абаддан тамактанышып, жөнөгөндө алдыңкы орундуктагы аксакал насывайдан оозуна салып, таксистке :
– уулум, Токтогулга жеткенде, ойготуп кой, – деп,уктап калыптыр.
Таксист Төө-Ашууга чыкканда эстеп:
– ээ атаңгөрү! Унутуп калыпмын да, аксакалды Токтогулдан ойготуп коем! – деп…ойготпой эле,кайра алпарып коеюн! – деп машинесин шарт буруп, Токтогулга келгенде, аксакалды ойготсо, жарыктык киши эшикти ачып, насвайды түкүрүп туруп:
– кеттик, айдай бер, уулум! – дептир…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!