Бука моюн бурбастыр
Арстанды карап турбастыр.
Аракка тоюп алганда
Аялдарын урбастыр.
Үйүрдү өзү караптыр
Үйүнө шашып барбаптыр.
Телефонду бураптыр,
Торпоктордун абалын токол уйдан сураптыр.
Арстанды узатып,
Өзү тойду улаптыр.
Арпа пиво ичкени
Каракүл тон кийгени.
Мас болуп келип таңга жуук,
Сарайга жетип кулаптыр.
Касапчы кардар келгенин
Бука байкуш сезбептир.
Бу өмүрдүн кыскасын
Кайран бука билбептир.
Кайрылып барып кафеге
Арыстан досун көрбөптүр,
Кошунанын дөбөтүн,
Мурункудай сүзбөптүр.
Ойгонуп кетсе похмелден
Өлбөптүр бука өлбөптүр.
Автору: Иса Исабеk
Сизге бул анекдот жактыбы? Анда сиз коомдук тармактарда дос-тааныштарыңыз менен бөлүшө аласыз. Достор менен маалымат бөлүшүү үчүн керектүү баскычты тандап териңиз: