Ырлар

Апакемдин ак наны

Апакемдин ак наны

Жакшы бышып күйгөн оттун табына,
Катар туруп келме кезек сабына.
Каймак сүртүп жеп жатыпмын түшүмдө,
Кызып бышкан апакемдин нанына.

Турсам түшүм нанды колго албадым,
Жакшы түштү жакшылыкка байладым.
Бирок билбейм бир башкача кубатым,
Сезип, туйдум курсак тоё калганын.

Билдим бүгүн, нан жапканда апакем,
Ток бекен деп, ойлойт туура балдарын.
Иштер менен бир топ алыс жактамын,
Бүгүн куунак күлүп ишти баштадым.

Ошол бир түш кубат болуп, бел болуп,
Бүгүн такыр ачкачылык тартпадым.
Көрсөм экен бүгүн дагы түшүмдө,
Кубат берген апакемдин ак нанын.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!