Анекдот - кыргызча

Кагаз менен калем

Жигит үйлөнөт, атасы куттуктап, батасын берип, анан барак, калем жана өчүргүч алып келүүсүн суранат. – Эмне үчүн? – жигит таңдана сурайт.
– Алып келе бер, – дейт атасы, сырын чыгарбай.
Кагаз менен калемди алып келип, өчүргүч жок экенин айтат.
– Таап келе кал, – дейт атасы.
Жигит көчөгө чыгып өчүргүч сатып келет.
– Жаз, – дейт атасы.
– Эмнени жазайын?
– Каалаганыңды жаз.
Жигит бир сүйлөм жазат.
– Өчүр, – дейт атасы.
Жигит өчүрөт.
– Кайра жаз, – дейт.
Чыдабаган жигит сырын сурайт.
– Жаз, деп кайталайт атасы, олуттуу.
Жазат… дагы өчүртөт… кайра жаздырат… кайра өчүртөт…
Бир канча жолу кайталагандан кийин атасы сурайт:
– Барагыңдын бети дагы эле актай турабы?
– Ооба, кайра-кайра өчүрүп жатсам…?
– Оп, баракелде, – атасы уулун далысына таптайт, – кептин төркүнү мына ушунда, сен бүгүн үйлөндүң, эми көкүрөгүңдө дайыма “өчүргүчтү” ала жүр. Эгерде аялыңдын кээ бир кемчиликтерин, жаман жорук-жосунун дароо көңүлүңдөн өчүрүп салбасаң, бат эле кирге толуп жакшылыгын жазчуудай орун табылбай калат. Аялыңда да ушундай өчүргүчү болууга тийиш. Мына ошондо гана силердин көкүрөгүңөр актай болуп, жакшылыкты жазганга орун табылат. Болбосо эр-аялдын “барагы” бат эле кирге толору турган кеп…
Эгер жашооң бактылуу, ырыс-кешиктүү болуусун кааласаң, “өчүргүчтү” дайыма ала жүр. Кимдир бирөөнүн жаман мамилесин, кемчилигин дароо “өчүр”, таза жаша, ак кагаздай таза бол, жашоонун мааниси ушул… “өчүргүчтү” унутпа…

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!