Ырлар

Лейли (пародия)

Арнаймын сага ырымды Лейли,
Айтайын сага чынымды Лейли.
Агенттен көрץп, ашык болгомун,
Акыры билем сырыңды Лейли.

Какшыктап мени кץлөсץң Лейли,
Карматпай качып жץрөсץң Лейли.
Кайгыңды тартып камоодо жץрөм,
Кайдан сен аны билмексиң Лейли.

Улуу бир тоого чыгалы Лейли,
Тумар FMди угалы Лейли.
Уларча сайрайт Каныкей деген,
Ушуну даана туялы Лейли.

Ак шайы жибек жоолукчан Лейли,
Аламидинден жолуксам дейли.
Арак шараптан кангыча ичип,
Аялдамадан соолуксам мейли.

Желкайып менен Байыштай Лейли,
Агентке кирип жазышпай Лейли.
Жар болуп жашап алсакпы бирге,
Кафеге кирип чай ичпей Лейли.

Ак Мөөр менен Болоттой Лейли,
Бирдикти анча коротпой Лейли.
Атаң бир жаман жинге тийди го,
Yйץңө жакын жолотпой мени.

Кызылды кийсең жарашат Лейли,
Кызыгып балдар карашат Лейли.
Турмуштун жолун бассакпы бирге,
Жаш дагы өтץп баратат Лейли.

Жашылды кийсең жарашат Лейли,
Жарданып балдар карашат Лейли.
Жалгыз жатканда үшүймүн түндө,
Жаныңа мени ала жат Лейли.

Автору: Алтынбек Эгембердиев

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!