Ырлар

Аял заты

Аял жаман, аял арсыз дейсиңер,
Кайда калды, ар-намыстуу эркиңер.
Кыз келинге, жаман айтып кемсинтип,
Жоголгондой эркек деген кейпиңер.

Кыздар кара, тазасы жок дейсинер,
Уяттан да чымырабайт бетиңер.
Ой жүгүртүп, таразалап көргүлө,
Бир мезгилде, жаш кыз болгон энеңер.

Аял затка бүт түйшүктү арттыңар,
Үйлөнбөстөн, ээрге тийип алдынар.
Үнчыкпаса карышкырдай уулаган,
Жок экен ээ, антыңар да арыңар.

автор: Венера Мырзабекова

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!