Ырлар

Түшүмө кирет элең

“Түшүмө кирет элең”
Жүрөктүн муздаганын сездиң бекен,
Эх сулуу мүнөзүң бар берилбеген.
Окшодум карда калган сөңгөк болуп,
Кеч күздүн жемишиндей терилбеген.

Айтылбай калды сөздөр теңим деген,
Ал чүрөк кирпик койот желим менен.
Аттиң ай биздин апа, эжекебиз,
Алмадай таттуу эле жегиң келген.

Таарытат ого бетер тар дүйнөмдү,
Унутту оозун басып жай күлгөндү.
Жыл эмес жамгыр төккөн өткүнүндөй,
Жигитти мода кылат ай сүйгөндү.

Күн-түнү жактырышат көп жүргөндү,
Күчүктөй убарасыз өптүргөндү.
Кулакты түрө калат тыңшап улам,
Курбуга жамандашып сөз түргөндү.

Сен деген жүрөгүм бар орулуу жан,
Селт этпей эки дүйнө колун сунган.
Бир күлүп, бирде муздап ойлонтосуң,
Тажадым сенин ушул жоругуңан.

Сезимдер сен тарапка көчүп улам,
Серээңден кетпей жүрүп өчүм алам.
Мейличи каргап мени күнөөлүү кыл,
Мерездин тамырына өзүм барам.

Ошондо таш боорлукту илет элең,
Ой баскан түштөрүмө кирет элең.
Ойлонуп арманга сен багынганда,
От болгон көкүрөктү билет элең.

Өкүнүч шууруларын тизет элең,
Өткөнгө кайрылуу жол издейт элең.
Бирок мен каршы аккан агым болуп,
Акмаалап карааныңды тиктейт элем.
Армандап мен баркымды билет элең,
Айоосуз түштөрүмө кирет элең.
Сапарбеков Азамат Өмүрбекович.P.S.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!