Бир депутат агабыз, той өткөрүп жатыптыр: куда сөөктөрү, тааныштары, достору, кошуналары аябай көп келиптир. Мунун баарын сүйлөткөнчө убакыт кеч болуп кетет деп оюн ойлоп чыгыптыр. Ким кыска сүйлөсө мерс утат дептир.
Аңгыча оштон келген кудасы чыгып:
– “кудам бактылуу болсун” дептир, башка сөз айтпаптыр.
Элдин баары уу дуу болуп машина ушунуку, машина ушунуку деп кыйкырып киришиптир.
Анда таластан келген кудасы чыгып:
– “бактылуу болсун” дептир, кудам дегенин кошпой.
Эл дагы ызычуу түшүп, машинаны эми ушул утту оштон келген кудаданда кыска сүйлөдү дешиптир.
Анда нарындан келген куда чыгып:
– кошумчасын колуна алып, той өткөрүп жаткан кудасын карап
– “ме” – дептир.
Ошентип нарындан келген куда мерсти утуп кетиптир.
0 204 Время чтения меньше минуты