Анекдот - кыргызча

Эй жигит, эмне жөө кетип баратасын..?

Бир жигит шаардан Сокулукка машина жок, жөө келатыптыр.
Бир убакта колуна руль кармаган жинди тытып
келип:
– Эй жигит, эмне жөө кетип баратасын..? кел отур
жеткизип коёюн.
Жигит таңкалып:
– Эй сен жиндисиңби, руль кармап алсаң эле машина болуп калабы!?
Жинди жинденип:
– Сага жинди көрүнүп турамбы…!! Отур дегенде отур. Болбосо таш менен башка бир жейсин! деп жерден колуна таш алат.
Жигит ʺКоокууйʺ деп коркконунан макул болот. Экөө тытып келатышат дейт, жинди оозу менен ʺбууум.. ууун..ʺ деп машинанын үнүн чыгарып, рульду кармап алып айдап келатат дейт.
Ошентип отуруп пост ГАИге жакындап калышат.
Жинди:
– Эми экөөбүз бөлүнөлү, сен ушул жол менен кетебер, мен правамды үйгө унутуп калыптырмын, айланып барам ГАИден өткөндөн кийин жолугабыз дейт.
Жигит, сүйүнүп, уфф акыры кутулдум деп макул болот.
Жигит ГАИшнике тытып келип болгон окуяны
айтат.
Анда ГАИшник азыр туруптур деп, Мотоциклдин рулун которуп чыгат.
Жигит:
– Оо байке муну эмне кыласыз!? десе
ГАИ:
– Өткөндө, ошол жинди токтобой кеткен, кууйбуз
отур!!! дейт имиш))😂😂😂

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!