Анекдот2

Жер тоголок

Сессия убагы.
Студент зачет тапшырганы кирсе мугалим аяш атасы экен:
– Ээ, сен Эшмат досумдун уулусуң го. Сага оңой эле суроо берейин. Биз жашаган жердин формасы кандай?
Студент ойлонуп туруп:
– Үч бурчтук беле агай?
Түшүнбөй калды окшойт деп мугалим колу менен айлана кылып көрсөтүп:
– Жок, сен түшүнбөй калдың. Жер планетасынын формасы кандай эле?
– Төрт бурчтук агай.
Ачуусу келген мугалим:
– Чык эшикке, сендей келесоону биринчи көрүшүм – деп кыйкырат.
Анда студент камырабай чыгып баратып:
– Агай, аяш атам дагы экенсиз, эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт, жер тоголок, дагы көрүшүп калаарбыз. – деген тура.

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!