Анекдот2

Чымыныңды мага таштап кетчи

Бир кружка сыра иче кетүүнү ойлоп, Ташмат сыраканага кайрылат.
-Официант, бир кружка сыра!
-Куп болот,мынаңыз!
Тигил жарымына чейин ичип, анан ичине өлгөн чымынды таштап койду да:
-Официант, бул эмне маскарачылык!? Эмне үчүн сыраны чымыны менен бересиңер,ыя!?
-Кулдугум бар, мырзам, азыр алмаштырып келем. Алмаштырып келип кетип үлгүрө электе Ташмат дагы жарымына чейин ичип жиберет да, кайра чымынды ичине салып койот.
-Ой, деги бул эмне деген итчилик? Краужкаңарда дагы чымын!
Официант дагы кружканы алмаштырганы кетет. Ошол учурда тигинин жанына коңшу столдон бирөө чуркап келип, Ташматтын кулагына шыбырайт:
-Баатыр, сырага тоюп бүткөнүңдөн кийин, чымыныңды мага таштап кетчи…

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!