Ырлар

Сагыныч

“С А Г Ы Н Ы Ч ”

Сагыныч, кусалыктан эзип жүрөк,
Сезимим, санааларды кечип жүрөт.
Сендейди, таба албадым бул жашоодон.
Сызсам да, булуттардан канат күүлөп.

Айыбым, сени болду жоготконум,
Азапка салдың бүгүн, жомоктогум.
Алоолоп, көздөрүңдөн жанып турган,
Арзууңду, анда неге тоготподум.

Оо анда кызык өтчү, күндөрүбүз,
Оболоп түн жаңыртчу, күлгөнүбүз.
Тагдырдын ташкынына, баш оорутпай.
Тамшанткан сүйүү эле, билгенибиз.

Алоолоп андагыдай, жандың бекен?
Ашыктык кумарына кандың бекен?
Арзууңду арнап жатып, алганыңа.
Адашкан, мени эске алдың бекен?

Жазылган, тагдырыма таарынбадым.
Жашоонун, жазмышына багынбадым.
Жакшы эле, өтүп жатат бар күндөрүм,
Болбосо, кээде сени сагынганым.

Шаку. Москва.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!