Анекдот - кыргызча

Мээмди ачытып таштадың

Жаш жигит дарга асынып өлөм деп, колуна жип алып, токойго карап бет алыптыр. Ага бир карыя жолугуптур. Бейтаныш жигиттин жүзүнө үңүлгөн чал:
– Жүзүң жабыркалууго. Не болду? – деп сураптыр. Жигит:
– Үй-бүлөмдө оор жагдай орун алды. Мен өлүүгө бел буудум, асынып өлөм – дейт. Кандай жагдай болсо да, чечүүгө боло турганын айткан карыя, жигитти сөзгө тартып, сөзүнө кулак салды…
– Мен бойго жеткен кызы бар, жесир аялга үйлөнгөн элем. Анан өз атам аялымдын кызына ашык болуп, экөө үйлөнүп алды. Ошентип, атам өгөй кызымдын күйөөсү болду. А мен – атамдын кайын атасы болдум. Эми, аялым бир бала тууса, ал – атамдын небереси болмок. Өз кезинде, менин балам – атамдын аялынын бир тууганы болот. Негизинде, ал – менин балам. Атамдын аялы – бир бала тууса, ал – менин иним болот жана неберем болот. Анткени, ал – аялымдын небересиго! Аялым – инимдин тайэнеси болот. А менин балам атамдын баласынын иниси болот. Анын кызына атамдын аялы жеңе болот. Жеңеси менин кызым болот. А менин аялым атамдын аялына – … дей бергенде алиги карыя, жигитти токтотуп: – Эээ кетчи э… өляяя, бар асылылып өлчү! Мээмди ачытып таштадың! – деп, жолго салыптыр.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!