Анекдот - кыргызча

Жаздыкбектин окуясы

Жаздыкбек аялынын үйдө отурганын көрө албай, отурса- турса эле сүйлөнө берет имиш.
“Сеники эле жыргал, кечке үйдө отурасың. Көргөнүң Султан Сулейман, Укканың Султан Садыралиев”-деп элечи. Бир күнү Жаздыкбек жолдо келатса жолдо пивонун бакалашкасы жатыптыр.
Аны четке тээп койсо, ичинен Джин чыгат экен. Джин жалынып жалбарып Жаздыкбеке рахматын айтып кирет экен.

“Айланайын Жаке көп жаша, тепкен бутун дат көрбөсүн.
Балдарың футболчу болсун.
Сен четке тээп койбогондо машина тебелеп кетмек. Мени аман алып калдын.
Эмне десең аткарам, бир жыланияңды айт дароо оорундайм”-дептир. Жаздыкбектин оюнда баягы эле аялы да куурагырдын.
“Сен мындай кыл,
Аялымды эркек кыл мени аял кыл.
Үй ишин кандай жыйнайт, кантип тамак жазаш керек, эрин кантип сыйлаш керек көрсөтөйүн!” Джинге баары бирда, “хоп!” -дептир, Жаздыкбекти аял кылып таштаптыр. Арадан эки үч ай өтөт. Жаздыкбектин таскасы чыгат, аялдын жумушу нака азап экенин түшүнөт.
Баягы Джинге келет:
“Эй Джин, мени эркек кыл
Экинчи аялыма атаандашпайм.
Үй иши кыйын экен, аял болуш кыйын экен”- дептир. Анда Джин, “ээй Жака, кечир, сенин айтканыңды аткара албайм.
Сенин бир айлык боюңда бар”- дептир
😂 😂 😂 😆 😆 😆

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!