Анекдот2

А меникинде бар лампочка

Сынак учурунда бардык студенттер суроолорго жооп берип чыгып кетишти. Акыркы калган студент анчалык жакшы окубайт болчу. Мугалими аны билип:
– Сага сабак боюнча суроо берсем баарыбир таба албайсың. Кел, сага башка суроо берем. Ушул класста канча лампочка бар? – деп суроо берди.
Студент ойлонуп отурганда шыпка карап лампочкаларды санап койгон экен. Дароо жооп берди:
– 8 лампочка бар, агай.
– Туура эмес, 9 лампочка бар, бирөө менин чөнтөгүмдө болчу, – деп агайы өзүнүн чөнтөгүнөн бир лампочка чыгарып көрсөттү жана студент ошол сабактан калып калды.
Бир жылдан кийин дагы ушул сабактан, ушул класста сынак болуп жатат. Мугалими баягы студентти таанып:
– Сага дагы эле ошол суроо: класста канча лампочка бар? – деди. Студент болсо:
– 9 лампоча бар, – деп жооп берсе, агайы:
– Дагы туура эмес, бүгүн менин чөнтөгүмдө лампочка жок, – деп чөнтөгүн көрсөттү. Анда студент:
– А меникинде бар лампочка, – деп жооп берип сынактан өтүп кетти.

 

Нравится

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!