Маяковский кыздар менен шаңкылыктап ресторандан чыгып келатпайбы. Жолдо бир мас балчыкта жаткан экен ит болуп. Кыздар эркелеп Маяковскийден суранышат:
– Володя, сиз көрүнүктүү акынсыз да, моу балчыкта жаткан байкуш жөнүндө ыр чыгара койсоңуз, биз талантыңызга кумарланып калалы.
Анда Маяковский чекесин муштуму менен таянып катуу ойлонумуш болуп айткан экен:
– Лежит безжизненное тело
На нашем жизненном пути…
Балчыкта жаткан мас башын көтөрүп:
– А вам-то, блин, какое дело?
Могли бы взять да обойти! – дептир.
Маяковский кабагын бырыштырып шашып-бушуп кыздарга кекечтенет:
– Ке… ке… кеттик кыздар бу жерден. Ти… ти… тиги Есенин экен.
0 99 Время чтения меньше минуты