Анекдот - кыргызча

Түлкү менен коён

Бир кафеде жаныбарлар чогулуп.)
Олтурушса, коен кирип оолугуп.
Кана мага ким чыгат деп кыйкырса.
Түлкү айтты мен чыгам деп догуруп.
Сыртка кетти мушташчуулар кызуу кан.
Экөөбү тең ачуусуна жыгылган.
Бир маалда түлкү келди каан болуп.
Үстү тикен, бети башы кырылган.
Аздан кийин коен кирди мактанып.
Дагы барбы, ким чыгат деп чаң салып.
Бир түлкүнү бир коенду караган.
Бөрү аста чыгам деди таң калып.
Азыр буга көрсөтөмүн мен эми.
Десе түлкү чыкпагын деп тиштенди.
Бул акмагың чыкканда эле эшике.
Зуу аралап качат экен тикенди.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!