Анекдот2

Короздор

Айыл тургуну короодогу корозу карып калган соң “тоокканадагы тоокторума сюрприз кылайын” деп базардан бала короз сатып келет. Жаңыдан короого кирген бала короз тоокторду эсептей баштайт. Бир маалда бурчта отурган карыган короз тигиге:
– Ай, балам, бери карачы. Бул он тоокту алгың келеби? Эгерде алгың келсе, анда мени чоң тамды он жолу айланып кубалайсың. Эгер жетсең анда тооктор сеники, жетпесең кечирип кой, – дейт.
Бала короз макул болуп, экөө эшикке чыгып кубалашат. Бир убакта уйдун ээси “кайдагы ызы-чуу?” деп эшикке чыкса, короздору кубалашып жүрүшөт.
Мылтыгын ала чыккан кожоюн:
– Энеңди, ушуну менен он короз сатып келдим, мунусу да “голубой” болуп калды, – деп бала корозду атып салыптыр.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!