Анекдот - кыргызча

Жакшылап ойлончу

Малик Тумарды кабинетине чакырып сурайт:
– Оюңа келген эки орундуу санды айтчы.
– 45.
– Жакшылап ойлончу. Балким 54 болуп жүрбөсүн?
– Жок! 45!
Малик Тумарга характеристика жазат: “Мүнөзү туруктуу. Провокацияга берилбейт”.
Андан кийин Зебестти чакырып сурайт:
– Оюңа келген эки орундуу санды айтчы.
– 28.
– Жакшылап ойлончу. Балким 82 болуп жүрбөсүн?
– Балким. Аныгын ким билсин.
Малик Зебестке характеристика жазат: “Мүнөзү анча туруктуу эмес. Провокацияга алдырып коюшу мүмкүн”.
Кийинки очередде турган тургунду чакырат:
–Оюңа келген эки орундуу санды айтчы.
– 33.
–Жакшылап ойлончу. Балким… Йек, Тариар, сен белең. Мешайтетпей нары туруп турчу!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!