Аралаш темада

«БАКЫТ ДЕП БАЙЛЫКТЫ ТАНДАГАМ»

«БАКЫТ ДЕП БАЙЛЫКТЫ ТАНДАГАМ»

Негедир жаш кезде жашоо-турмуш
оңойдой сезилет. А бирок чоң турмушка
аттанып, аны менен чындап күрөшө
баштаган кезде “эң туура” деп чыгарган
чечимдерибиз ката болуп чыгат экен.
Жеңем деп жатып турмуштан катуу утулуп
калганым башкаларга да сабак болсун
дедим.
“БАЛАМДЫ ӨЛТҮРГӨНҮН КЕЧИРЕ АЛБАДЫМ”
– Жаш кезимде табият берген сулуулугума
текеберсинип, көп жигитти кыйнадым.
Жигиттер мага канчалык үйүлгөн сайын
ошончолук мага алар оюнчуктай көрүнчү.
Азыр бир чет өлкөнүн ресторанында
тамактанып отурмакмын. А балким,
баламды кучактап…
Реалдуулукта жөнөкөй эле кафеде
официант болуп иштеп жүрөм. Баягы
сулуулугума ашык болуп, “асмандагы
айды да алып берем” деп артымдан
калбаган мырзалардын бири жок.
Алардын деле мага кереги жок. Анткени
мындан алты жыл мурун мага керек
адамды байлыкка айырбаштап жибергем.
Ооба, ошенткем. Анткени мага кедей
студент менен жашагандан көрө үй-жайы
бар, акча уучтап жүргөн адам менен
жашоо артык көрүнгөн. Мага ошол жол
ыңгайлуу сезилген. Бирок ал адам мени
баалаган жок. Аны менен кошо жеңил
жашоонун ырахатын таттым. Жедим,
ичтим, саякаттадым, ырахатым үчүн ур-
токмок да жедим. Бирок мен күткөн,
элестеткен бакыт алыстай берди.
Күйөөмдүн ар кайсы токол, ойношторуна
чыдап жүрдүм, акыры баарына тең кол
шилтедим. Күйөөм баңгизатын да
колдонууга өткөндө “эмне болсоң ошо
бол, сенин жинди жашооңдо жашагым
келбейт” деп кол үзүүгө туура келди.
Балким, дагы чыдайт белем, бирок
акыркы ур-токмокторунан боюман
түшкөн балам үчүн кечире албадым. Кош
бойлуу элем, алты айлык болуп калган.
Балалуу боло албай жүрүп, боюмда бар
экенин укканда аябай сүйүнгөм. Ошого
сооронуп жашап кетем деп ойлогом. Бул
акыркы чекит болду. Эми менде
сулуулугумдан башка баалуу эч нерсем
деле калбады окшойт. Жашоомду жаңы
барактан баштоону чечип, калаадагы
кафелердин бирине официант болуп
орноштум.
“КАПЫСТАН ЖОЛУГУУ”
– Кафеге күндөрдүн биринде көзгө түшө
турган мырза бир айымды жетелеп кирип
келди. Алардын бактылуу экени алыстан
эле билинип турду. Аларды көрүп,
жүрөгүмдү жалгыздык, кусалык ээлеп
алды. Милдетим да, келген кардарларга
барып: “Саламатсыздарбы, кутмандуу
кечиңиздер менен, эмне каалайсыздар?”-
деп миң жолу айткан сүйлөмдү кайталай
баштадым. Негедир эч кандай жооп
болбоду. Кардарлардын жүзүн карабай
эле тейлөө менин адатым эле. Бул жолу
башымды көтөрүп, тигини тиктегенге
аргасыз болдум. Ал дагы мени тиктеп
турган экен. Алмаз! Алты жыл мурун мен
чанып кеткен, мага керек экенине
карабай башканы тандап кеткен адам.
– Мона, сенсиңби?..
Жүрөгүм дүкүлдөп, демим кысылып кетти.
– Жо-ок, сиз адашып калдыңыз, менин
атым Мира… Азыр сизге башка кыз келет,-
деген бойдон жанынан кеткиче шаштым.
“Эх, сен гана жетишпей жаттың эле, толук
бакыт үчүн” деп ичимден Алмазга
кыжырым келип жатты. Баарын жаңыдан
баштайын дегенде кайрадан сыноого
кабылганымды көздөн чыккан жаштар
гана сооротуп, денемди муздак тер басты.
Катуу өзгөрүпсүң. Алты жыл мурун
арыкчырай келген, өзүңө-өзүң ишенбеген
жоош жигит элең. А азыр… Бирок мени
караган көз карашың дале баягы. Мен да
өзгөрүлдүм, азыр мен такыр башкамын.
Сен кафеге келип кеткенден бери оюмдан
кетпей, түн уйкуман айрылдым. Бир кезде
“бедный студент” деп кемсинтсем, эми
сен кемсинтерге акың бар. Бирок сен
антпейсиң. Сен адамгерчилүктүү, акылдуу
адамсың. Жиндиликке, кыйноого туш
болгон жылдарымда мага сенин ошол
сапаттарың жетпей жүрүптүр. Мен ошого
куса болгон экем. Баарын кайрадан
эстешке туура келди. Ар бир күнүбүз
кубанычтуу эле. Кыз-жигит болуп,
жетелешип басканыбыз… Сенин белекке
берген кичинекей мамалактарың…
Эркелеткениң… Ал гана эмес, акыркы
жолугушуу да көз алдымда…
– Алмаз, мен турмушка чыгып жатам… Сен
менин кыялдарымды орундата албайсың,
ошон үчүн башкага турмушка чыгам.
Мени издебе, убара болбо. Баары чечилип
калды,- дегем бети жоктук кылып.
– Мона, жаным, антпечи… Мен сени
сүйөм…- деп мен түшүп кеткен
машинанын аркасынан жаш баладай
далбастап, көз жашыңды куюлтуп
чуркагансың.
Сенин көз жашыңдын ар бир тамчысына
жооп бердим. Атүгүл эки эсе жооп
бердим. Күйөөм ойношторунан келип,
кайра мени күнөөлөп сабап жаткан
учурларда, мен жардам сурап ыйлап
жалдыраганымда сенин ошол элесиң
тартылчу. Бирок мен сенин жашооңо
киришпейм деп сөз бердим.
Адашыптырмын…
Сенден качып кутулдум десем, жок,
батиримдин дарегин таап алып, күнү-түнү
эшикти кайтарып жаттың. Сен мени
кечиргениң менен, мен өзүмдү кечире
албай койдум. Сенин балдарыңдын,
жубайыңдын көз жашына калгым
келбейт. Кечир мени!

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!