Анекдот - кыргызча

Сен суратпай эле, небак бере башташын керек эле!

Соц тармактардын биринде, бир жигит суроо узатып жатат дейт..
— Достор мен уйлонгонмун, анан акыркы кундору аяалым айлыктын баарын сурай турган болду,. Ушул корунуш нормалдуу эле корунушпу.? Силерде да ушундайбы?
Десе коментарийлер келип жаткан учуру..
— Албетте сурайтда..
— Жок бул нормалдуу эмес…
— Албетте нормалдуу эмес сен суратпайле, небак бере башташын керек эле!

~~~~~ «Anekdot.Online» – КыРгЫзЧа АнЕкДоТтОр ДүЙнӨсҮ«Anekdot.Club» ~~~~~

Тектеш анекдоттор

3 Комментариев

  1. Бир убакта эки кыз менен суйлошчуум.
    Бирок экинчи кыз менен суйлошууго биринчи суйлошкон кызым озу себепкер болгон.
    Ал кезде биз 11–класста окучубуз, озумдун мурунтан жакшы коруп жургон классташ кызым Айка менен суйлошуп журдум, ал мага аябай жакчуу менин айтканымды эки кылчуу эмес, озу дагы жоош борукеер кыз.
    Мектепте баары билчу. Бир партада отуруп сабак окуйбуз, ал ар дайым сабактан жардам кылып тетрадтарыма жазып берчу. Ал кундор мен чындыгында сабак окуучу эмесмин, менин ордума да Айка окуп койчу.
    Мектептен чыгарыбыз менен мен аны уйуно машинем менен жеткизип койом, кээде мектептен чыгып эле жаштар багына барып сейилдечуубуз.
    Мектепке кечигип же барбай калсам дароо эле званок кылып эмнеге келбегенимди суроп билчу, мен дагы ал кечигип же келбей калса созсуз телефон чалып себебин билчуум.
    Мен Айканы коп эркелетип абдан журогумо жакын тутуп, коп балдардан коруп аны коп кызганам, ал дагы мени аябай кызганат
    Кээде кызганычтын айынан уруша кетебиз да кайра кимде куно болсо ошонубуз биринчи кечирим сурап кайрале жарашып тарынычыбызды тез эле жазчуубуз.
    Кунуго уйдо сайттан тун бир убака чейин суйлошуп жатабыз.
    Ошентип Айканын туулган куну да келип калды, мен эн жакын досум менен ошол куну ар магазиндерге барып эн чооон мишка сатып алдым да жана ага атайын чоон букет гул алдым. Мишка аябагандай чоон, машинеме эптеп салдык да ошол кечеси Айканын уйуно барып туулган кунун тосуп отурдук, анын кубанычы койнуна батбай турду.
    Биз ал кундордо тез тез жаштар багына коп барып сейилдеп жетелешип эн бактылуу адамдардын катарын толуктап журдук,
    Биздин биринчи обушконубуз да жаштар багында болгон, ошол жаштар багында биздин эсте калар кундор коп отту. Барып барып бир куну экообуз катту тарынышып калдык, бир жумадай суйлошбой журдук.
    Бир куну эле анын почтасынан кирсем досторунун тизмегине бир эки ашыкча балдар кошулуп калыптыр.
    Мен жинденип ага очошуп менда издеп почтама ар кыздарды кошо баштадым да арасынан биро менен таанышып суйлошуп калдым.
    Анын аты Бема Суротторунон карасам жакшынакай кыз экен, мен Айканы кызгандырыш учун Бема менен сайттан жакындан суйлошо баштадым
    Бирок Айка менен копко тарынышып журдук, кимде куно экенинда билбейм.
    Бема менен сайтта суйлошуп отуруп бир куну жолугушуну чечтик. Ошол куну машинем менен бардым, ал дос кызы менен келди.
    Бема менен жакындан коруп жакындан таанышып калдык, ал аябай ачык, жакшынакай кыз экен. Кийин Биз тез тез телефондо суйлошуп турдук. Эмне кылышымды билбей ал менен да жолуга баштадым. Бема менен жургондо Айка тез тез эсиме келип кабатыр болом, кээде очошкон жаным озуно жараша деп коём.
    Кийин Бема мага оз суйуусун арнап ачыгын тартынбай айтып менин алдымда коп эркелей баштады, ал аябагандай сулуу ачык жана эрке кыз эле, ошентип мени озуно кантип тартып алганында билбей калдым, аны коп ойлончу боло баштадым. Бема 9–классты бутуруп эле орто окуу жайга тапшырган экен анда ал 1-курс болчу. Айка менен копко суйлошбой калдык. Мен Айкага жиним келип суйлобой журдум, мектептен чыгарым менен кээде Беманын окуу жайына келип, аны алып кетип ал менен да жаштар багына барып сейилдеп кыз жигиттей жетелешип журдук. Мен да барган сайын эмнегедир Беманы жактырып журдум.
    Мен аны жактырып калам деген оюма да келген эмес башында.
    Эн тан калыштуусу экоону тен бирдей жактырып журдум. Бема менен суйлошконумо 3,4 ай болсода 3,4 жыл суйлошуп жургондой жакын болуп калдым. Убакыттар отуп май айы да келип жетти. Бутуруучу классбыз, ошого катуу даярдана баштадык. Биз акыркы конгурого Айка экобуз жетелешип чыга турган болуп калдык, ошол акыркы конгуроо себеп болдубу биз Айка экобуз акырындап суйлошо баштадык бири-бирибизге аяр мамиле кылып, барып барып кайра бири-бирибизди кечиргендей жылуу мамилебиз улана баштады, Айка мени аябай сагыныптыр мектептен кийин чогу чыгып суйлоштук, мени каттуу сагынганын айттып мойнумдан кучактап алып ыйлап жатты, мен анын алдында озумду кунолуу сезип турдум да кучагыма бекем кысып ээрдинен ооб, коз жашын арчып,кечирим сурадым.

    Окру келиндин сыры

    Атым Элнура, жашым 30да. Бир үйдүн жалгыз кызы, бир үйдүн жалгыз келинимин. Облустардын биринин борборунда кайын эне, кайнатамдар менен бирге турабыз. Бир кызым бар. Жолдошум – билимдүү, ишине так, түз жүрүп, түз сүйлөгөн, жоош момун адам. Ал 35те. Турмуш курганыбызга 3 жыл болду. Мен анын экинчи никесимин. Эрлан экөөбүз чыныгы сезимдер менен табышып баш кошкондуктан, мен анын өткөн чагына көз жумуп, баарына кайылмын. Бир билгеним – ал аялы менен 6-7 жылдай жашап, бир кызы менен ажырашып кеткен. Аялынын каалоосу, талабы ушундай болгондуктан ал кызына барбайт, катышпайт. (Чынын айтсам бул жагы мага жагымдуу). Кайненем менен кайнатам болсо өмүр бою мамлекеттик кызматтарда иштеген, алыш-катышы көп, шаан-шөкөткө жакын адамдар.

    Бирок биздин маселенин баары башкада болуп жатат. Тоюбуз кыргыздын салт-санаасы менен да, заманга ылайык да сонун өтүп, көп күтпөй мен кош бойлуу болуп, жашообуз жакшы башталды. Кызым жарыкка келгенде чоң атасы менен чоң энеси абдан кубанышып: “Бул биздин жалгыз уулубуздун мончоктой кызы. Элден бата алалы”, – деп тушоо той берүүнү чечишти. Үйдө үч адам иштегени менен алардын айлыгы күнүмдүк жашообузга эле кетчү. Ошондуктан той үчүн керектелүүчү каражатты насыяга алышмак болушту. Чындыгында бул жагы мага жага берген жок. Анткени биздин тойдо карыз болгон акчаларынан жаңы эле кутулуп, эми гана айлыктары түз үйгө келип баштаган. Ар бир тамактануу сайын болуучу: “Баланчадан кутулалы, мынча калды. Карыздан кутулуп тынч уктасак болот эле”, – деген кептер эми гана тыйылып калды эле. Бирок келин болгон соң, анын үстүнө кайненем баарын өзү билип, өзү тейлеп тургандыктан мен каршы оюмду билдире алган жокмун. Аш көп болсо каада көп болуп анын көңүлү, мунун көңүлү каралып атып, аз дегенде эле 150дөй киши чакырмак болдук. Кайненем: “Азыр тойлор ушинтип өтүп калган”, – деп өзүнө, мага, небересине окшош көйнөк тиктирди. Мындан тышкары кафенин жасалгасы, тойго келгендерге берилчү белектердин чыгымы да бир топ болду. Ушундай узун тизменин сомун эсептеп жаткан маалда кайнатам дагы бир ой кошуп калды:

    – Мынча болду эми насыяны кенен алып бир кичиавтобус алып, арендага ишке берип коёлу. Бул акчаны ошол унаа эле актап берет. Эч болбоду дегенде жакшы тыгынчык болот. – Бул сунуш кайненем тараптан колдоо таап, унаалуу да болуп, ага кошо той кылып салдык.

    Той болду, тойдун эртеси да болду. Жарым айдай той өткөрүүнүн ырахаты менен кубанып, баарыбыз маанайыбыз шат жүрдүк. Анан көз ачып жумганча насыянын биринчи айын төлөчү маал келди. Кайненем менен кайнатамдын, алардан өтүп күйөөмдүн күлкүсү азайып, баары ойго туна башташты. Эми эки жылдан ашык убакыт ай сайын чоң сумма менен насыя төлөөбүз керек.

    Кайрадан баягы сөздөр менен баягы жашоо башталды. Тиги автоунаабыз күйөөм менен кайнатам кыялдангандай көп акча алып келген жок. Андан улам айлыктарын эптеп ары тартып, бери тартып жеткизип жатышты. Насыя шайыбызды бат эле кетирип койгондой болду. 4-5 айдай төлөмүнөн кийин ишенсеңиздер үйгө эт ала албай, макарон жеп калдык. Качан бирөө жарым бала көрөбүз деп же дагы бир себептер менен мейманчылап келе турган болгондо гана ал адамга жасачу тамакка ылайыктап эт, жер-жемиш ала коёбуз. Ал кеткен соң кайрадан карандай чай, картошка менен отуруп калабыз. Эмчек эмизген мен үчүн мындай тамактануу кыйын эле болду. Сырттан караган адамга ичи эмеректерге толгон, заңгыраган тамда жакшынакай кийинип алып телегейи тегиз жашап жаткандай сезилебиз. Бирок абалыбыз жанагы. Басып-туруп ойлонгонубуз акча, сүйлөшкөн сөзүбүз акча, бүт кылган аракетибиздин баары акча үчүн.

    Ушундай маалда мен экинчи ирет кош бойлуу экенимди билдим. Бала эмизип жаткан маалда бойго бүтпөйт деген ишеним менен санаам тынч жүргөн элем. Бирок менде андай эмес экен. Көңүлүм айнып, өзүмдү башкача сезе баштаганда текшерип көрдүм. Абдан кубандым. Жашым өтүп баратат, удаа төрөп алайын деген жыйынтыкка келдим. Күйөөм үч кыздын арасында жалгыз уул болуп өскөнгө: “Эки-үч эркек балам болушун каалайм. Кыз да жакшы, бирок эр жеткенде кеңешкенге, жардамдашып жөлөк-таяк болгонго эркек бир туугандай болбойт экен”, – деп калчу. Андыктан жолдошум бул кабарды кубануу менен кабыл алат деп ойлодум.

    – Сүйүнчү, менде жакшы жаңылык бар.

    – Болсун, айтчы.

    – Биз дагы наристелүү болот экенбиз.

    Үн-сөзү жок мага таң кала карады.

    – Бүгүн эле текшерип көрдүм. Негизи сезип жаткам ушу боюмда болуп калган го деп. Мейли ээ, кызыбыз менен удаа өсүп, бирге чоңоюшат.

    – Сен төрөйүн деп атасыңбы? – эркелеп кубаныч менен сүйлөп турган демим сууй түштү.

    – Анан эмне?

    – Эртең сүйлөшөлүчү.

    Таңдан кечке иштеп чарчаган экен деп өзүмдү сооротуп уктап калдык. Ал ишке дайыма таң эрте кеткендиктен эрте менен ал теманы улап, талкуулагандай деле болгон жокпуз. Бирок мен көңүлүмдө аны макул болот деп гана ишенип жаттым. Андан улам бул жаңылыгымды чай үстүндө кайненем менен бөлүштүм.

    – Апа, негизи канча неберелүү болгуңуз келет?

    – Кудайдын бергени да.

    – Анда Кудай сизге дагы бир небере жөнөтүптүр.

    – Эмне дейсиң? Эмне жөнөтүптүр? – телевизорго алаксып отурган апам мага жакшылап кулак салып калды.

    – Менин боюмда бар экен.

    – Канча болду?

    – Билбейм, кичинекей эле да, жаңы билдим.

    – Мм, анан? Эмне кылайын деп атасың? – баласы экөө сүйлөшүп алгансып кайненемдин мындай кабыл алуусу мени дагы ыңгайсыз абалга калтырды.

    – Эч нерсе кылбайм.

    – Алдырып сал. Азыр кыйналып атканыбызды көрүп атпайсыңбы. Өзүң деле кызыңды чоңойтуп, кичине тыңы. Жаңы эле үйлөнбөдүнөрбү, карыз-куруздан кутулуп, жаңы жашоо баштаган адамдай болуп акча топтоп, кичине тирилик кылгыла.

    Унчукпадым. Эмнеге карата акча топтоп, дагы кандай тирилик кылышыбыз керек? Баладан тажап кеткен жерибиз жок, баары турат. Күн бою капа болуп, бир күйөөмдүн, бир кайненемдин айткандарын эстеп туталанып араң жүрдүм. Ал күнү күйөөм өзү үн катпады, мен да унчукпадым. Үйдөгү абал биздин бүлөдө эч кандай жаңылык болбогондой, эч кандай сүйлөшчү кебибиз жоктой уланып жатты. Мен болсо канча ойлонсом да бир да жолу баламды алдырууга ыраа көрбөй койдум. Төрөгүм гана келип жатты. Бир жумадай убакыт өтүп күйөөм үчөөбүз отурганыбызда кайненем:

    – Мен эртең айлык алам. Сен баланы көтөрүп алып чык. Доктурга баралы.

    – Эмнеге бармак элек? – билмексен болдум.

    – Эмнегеси эмнеси? Баланы алдыр дебедим беле?

    – А мен алдырам дедим беле? Алдырбайм. Ал менин балам. – Ушуга чейин кайненеме каршы сүйлөп көргөн эмесмин. Кантип жооп кайтарып жибердим билбейм. Мындайды күтпөгөн кайненем өңү кумсарып кызыктай абалда калды. Күйөөм болсо башын жерге салып, күнөөлүүдөй абалда отура берди. Ал мени коргойт деп ойлогом, анте албады.

    Кайненем кагынып тура жөнөдү, артынан күйөөм кетти. Көз жашымды төгүп мен калдым. Ал кечте болгон ызамды күйөөмө төгүлүп айттым. “Мен сырттан боюмда кылып келдимби? Бул деген сенин балаң, балким сенин уулуң. Кантип алдыр дегенге оозуң барды. Эмнеге апам мага мындай мамиле кылат? Эмнеге менин оюм, менин каалоом менен эсептешпейсиңер?” – деп ыйлап да, сүйлөп да аттым. Анын жалгыз жообу: “Эми эмне кыл дейсиң, апамдыкы деле туура да, азыр насыя төгүп атпайбызбы. Ушундан кутулсак кийин деле төрөйсүң да”, – деген болду.

    Айтор, мен алардын ою, санаасы эмнеде болуп атканын түшүндүм. Алар үчүн мен ойлогон: менин ден соолугум, жаш курагымдын өтүп баратканы, деги эле бала өмүрүн кыюу деген маселе деле эмес экен. Ал күндөн бери эки айдай убакыт өттү. Кайненем мага каарын салып жүрөт. Мурда мен жакшы келин, ал жакшы кайнене эле. Азыр болсо басса-турса мени кагып-силкип, киши келсе азыркы келиндерден кеп козгоп: “Айтканды укпайт, билгенин кылат”, – деп тийише сүйлөп асылганы көбөйүп баратат. Кайненемдин мамилеси, күйөөмдүн энесинин тилинен чыкпаган чечкинсиздиги кан басымымды көтөрүп жиберет. Эмне кылсам, акыры ушул үйдүн бүлөсү болуп, ушул үйдө түбөлүк жашай турган болгон соң алардын айтуусуна бир жолу көнүп койсомбу деген да ой келет. Бирок жашым өтүп калды, балким алдырып салсам кийин боюмда болбой кыйналып калбаймынбы деп санааркайм. Эмне кылсам?..

    https://ok.ru/group/54123653038175/topic/67726461564255

  2. Анекдот
    Бир семейный жашайт экен аялы балит кир уйун жыйнабай балдарына тамак бербей куйосунда карабайт экен . Бир куйосуу ойлонуп ажырашууну чечет экен аялы менен кантип кетирсем болот деп ары ойлонуп бери ойлонуп бир чечимге келет. Блин бугун жестоко кыйнап кыйнап сикксем эртен озу эле кеттип калса керек деп кечинде аялын оло сигет каттуу сигет экен озу катту чарчап катуу уктап калат экен эртеси кечирек турат турса уйу жыйылуу баары таза балдары жуунтуп тазалап койуптур озу туруп эмне болду вообще мындай эмес элего деп башын ман болуп турса аялы тур жаным тамак даядап койдум десе Куйосу аялын карап эй сага эмне болгон десе аялы жаным биз да жакшылыкты билебиз дейит экен хе хе жактыбы достор

  3. ЧАЙ ИЧЕСИҢБИ?
    – ООБА.
    – ЛИМОН МЕНЕНБИ?
    – ЖОК, СЕНИ МЕНЕН.

    – Билесиңби, сүйүү бар.
    – Анда мени ишендирчи сүйүү бар экендигине. Бул болбогон жомок.
    – Ал сезимдер жок болсо, сен сүйгөн жазуучуң Ремарк романдарын кантип жазмак? Ал сезимдер бар болгону үчүн Бетховен сонатасын жаратты да.
    – Балким, ошол мезгилдерде ал сезимдер болгондур. Азыр эмес.
    – Сүйүү – кол кармашып эле бактылуу боло берүү эмес. Балким, ал эч качан бакыт алып келбейттир. Бардыгы, тескерисинче. Ал сезим – сагынуу, кызгануу, санаа тартуу, ички дүйнөңдөгү дүрбөлөң, беттеш. Уйкусу жок түндөр. Ошон үчүн сүйүп калган адамдар жинди болуп көрүнүшөт.
    – Азыр эрдиктер жасалбайт. Ошон үчүн силерге ишенбей калбадыкпы. Эч нерсе күткөнгө болбойт. Ар ким эле кооз сөздөрдү сүйлөп, бат эле алдап коюшат. Ар ким эмес, көпчүлүк.
    – Сөздөргө ишенбесең, мамилеге ишен. Сөздөргө караганда сага карата жасалган мамиле көп нерсени түшүндүрөт. Бирок анын дагы бир жагы бар. Андай нерсени көрө билүү керек.
    – Мен билем, сен менин баракчама дайыма киресиң. Ар бир постумду окуйсуң. Алар кимге арналып жатканын дагы байкасаң керек. Азыр сурасам, канча жаңы дос коштум, кимиси лайк басып жатканына чейин айтып берип салат болушуң керек. Мен дагы сен онлайн болуп турганыңды көрүп, ким менен жазышып жатат болду экен деп ойлойм. Анан ар кандай ойлор курчайт. Жиним келет. Бул сен айткан жиндиликтин башталышыбы?
    – Биринчи жазганга эч кимибиз тең батынбайбыз. Бирок экөөбүз тең муну каалап жатканыбызды ар дайым сезип турам. Кур намыстын айынан биринчи кадам жасалбай турат. Сен мага өчөшөсүң, мен сага. Эч нерсени ойлобой эле жазып салсаң да болбойт, жашоонун түшүнүгү боюнча бул деген туура эмес да? Бирок ким үчүн туура эмес? Аны билбейм, анткени мен дагы ушул нерсени кылып жатам да.
    – Эч кандай сөздүн кереги жок. Философиянын кереги жок. Адамдар өздөрү жөнөкөй нерсени татаалдаштыра беришет. Сезимдер өзүнчө толкунда, акыл өзүнчө толкунда сүзүп жүрө берсе…
    – Эмнеге экендиги түшүнүксүз, бирок сенин жаныңдан чыккым келбейт. Жаныңа отуруп алып сүйлөшкүм келе берет. Ошондо сагынып жатканымды түшүнөм. Бирок дароо токтоп калам. «Мен сага киммин?» деген ой келет анан. Мен сага эч ким боло албай жатып, кантип сен жөнүндө ойлоого укугум бар? Ооба, эч кимиң эмесмин. Бирок менин сага болгон сезимдерим сени сагынууга, кызганууга татыктуу…
    – Элестетип койгом, экөөбүздүн дүйнөбүздө сен жана мен гана бармын.
    – Ооба, экөөбүз гана. Калган ар ким ар нерсени айта беришсин. Сен үчүн өрт десе өрткө киргенге, чөк десе чөккөнгө даяр адам турганда башкалардын сөзүн угасыңбы? Сага болгон кусалыктын курмандыгы болуп жүргөнүмдү билдим. Өзүмдүн сезимдериме каршы чыга албайм, чыккынчылык кыла албайм. Бир туруп сага ачуум кайнап кетет, кайра өзүмө бат эле келе калам.
    – Экөөбүз ушунчалык бири-бирибизге төп келерибизди билип, сезип турсак дагы өзүбүз муну моюнга алуудан уялабыз. Баш тартабыз. Сүйүү жөнүндөгү сөздөрүң сен айткандай болуп жүрбөсүн…
    – Биз башынан эле жөнү жок сүйлөшкөн эмеспиз, сүйлөшпөйбүз дагы. Биз сүйлөшүп жатканда акылыбыз, ойлорубуз гана эмес, жан дүйнөбүз бири-бирибизге жанашып калгандай сезилет. Кел, ушул сезимдерди сактайбыз…
    – Мага ушул сүйлөшүү жетишпей жатыптыр канча убакыттан бери.
    – Мен сага ар дайым ачыкмын. Билесиңби, эки адамдын жүрөктөрүнүн сүйлөшүүсү түнкүсүн ашканада болот дегенге мен азыр ишенип турам. Бул кечеге келбейт болчумун. Негедир баргым келип жаткан. Ушул жерде жолугуп калганыбызды карасаң. Болгондо да күндүз эмес, түнү…
    – Чай ичесиңби эми?
    – Ооба.
    – Лимон мененби?
    – Жок, сени менен.

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!