Анекдот - кыргызча

Үйлөнүү той

Үйлөнүү тойго чакыруу алган бир киши ресторандардын бирине кириптир, кирип караса эки эшик бар экен биринде “Келиндин туугандары үчүн” экинчисинде “Күйөө баланын туугандары үчүн” деген жазуулары бар экен, “Күйөө баланын туугандары үчүн” деген эшиктен кирип бир канча кадам жүрсө, дагы эки эшике туш келиптир биринде “Аялдар үчүн” экинчисинде “Эркектер үчүн” деген жазуу бар экен “Эркектер үчүн” деген эшиктен кирип, бир канча кадам жүргөндөн кийин жана да маңдайынан дагы эки эшик турат биринде “Белек алып келгендер үчүн” экинчисинде “Белек алып келбегендер үчүн” деп жазылыптыр, “Белек алып келбегендер үчүн” деген эшиктен кирип бир канча кадам жүргөндөн кийин көчөгө чыгып калыптыр))

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!