Анекдот - кыргызча

Мен дагы сизчелик сүйлөй албайм

Парламент кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамды кабыл алгандан кийин сөзгө калбайын деген Ирина Карамушкина күнү-түнү кыргыз тилин үйрөнө баштайт. Кыргыз тилин ким жакшы билет деп сураштырып Каныбек Иманалиевдин кабинетине барат. Каке башты ооруткусу келбей ме мобу китепти окуп чыксаң кыргызча тытып каласың дейт. Бир жумадан кийин төраганын кабинетине кирип:
– Саламатсызбы Улуу-Урматтуу Асилбек Шарип уулу Жээнбек тегин мырза. Көңдөлөңү көгүлтүр өңгө түспөлдөш эски ичигин жамынган, жибектен жоолук салынган, көгөрүп жүрүп көк асаба кармаган, көк беттиги жерде жок, көмөлдүрүгү элде жок, сыбызгыны сындырган, калпты дагы чын кылган, какшанып жүрүп эл өкүлү болгон, кыргызча буудай кууруган, камырдан чачын сууруган оруска окшошуп калбаптырмынбы? – деген экен. Муну уккан спикер мен дагы сизчелик сүйлөй албайм деген тура)

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!