Эки ГАИшник жол карап турушат. Көптөн бери машина өтпөйт. Эригип эмне кылышты билбей турушса, алыстан “Запорожец” көрүнөт. Кубанып кетип, ала таягын сунуп, ышкырат. “Запор” “кы-ыйч” деп токтоп, ичинен өгүздөй экөө түшөт. Эки ГАИшникти оозуна топурак толгуча тепкилеп, арыкка таштап кетишет. Анда бирөө айтат дейт:
– Курман, номурун эстеп калдыңбы?
– Эстедим… 45 менен 46 экен.
– Тамгаларынчы?
– Өтүктүн таманына да тамга жазчу беле!
0 118 Время чтения меньше минуты