Аралаш темада

Мени кечир

《МЕНИ КЕЧИР!》 Автор: Aikapella.

Жаным! Бул мен, сени азапка салып, күнү-түнү ыйлаткан мерез жана таш боор адам. Мени кечир, сенден суранамын. Мен сени мынчалык сүйөт деп ойлогон эмес элем. Чындыгында мен сени эч көңүлүмө илбедим, башкалар менен көңүл ачып жүрө бердим. Кана кайсыл кыз сен сыяктуу өз сүйүүсү үчүн күрөшүп, жигитине берген убадасына түбөлүк тура алат экен? Кана кайсыл кыз сендей болуп убакыттын өтүшү менен жигити башка кыздарга көңүл коюп, ошол кыздар менен сүйүшүп, өзүнүн сүйүктүүсүнө кыянат кылса да сүйүүсүнөн танбай сүйүп жүрө берет экен? Эч кайсыл кыз! Эгер сенин ордуңда башка кыз болгондо эчак эле мени таштап, башка жанга кетип калмак. Эч кайсыл кыз сенин ордуңду баса албайт, эч кайсыл кыз сендей мени сүйө албайт экен. Эч кайсыл кыз менин жүрөгүмдө сенчелик туруктуу жашай албайт. Ошол күндөрүмдү азыр эстесем буулугуп, туталанып ыйлап аламын. Азыр түнкү саат 02:40, менде уйку жок, бир гана сени ойлоп соц. тармактагы почталарыңа карап олтурамын. Качан онлайн болуп: “Жаным, кандайсыз?” – деп жазат экен, качан мага чалат деген үмүт менен сени күтөм. Мейли чалбасаң дагы, жазбасаң дагы сайттарда онлайн болуп, бул жашоодо жашасаң болгону. Азыр дагы көзүмдү ачуу жашка толтуруп, сенин сүрөтүңө термиле карап олтурган чагым. Мени бул дүйнөдө сендей эч ким сүйө албашыны эми кеч болгондо түшүнүп жатамын. Колумдан келсе убакытты артка кайтарып, бир гана сени сүйүп, кадырлап, бул өмүрдү жалгыз сен менен өткөрсөм кана эле? Сенин эркелегениң, жылмайганың, жагымдуу үнүң мени арбап алган эле. Мен сага көптөгөн кыйынчылыктарды жаратып, сендей назик, көңүлү жаш баланыкындай таза аруу жанды азапка салганымды эстесем, өзүмдү жек көрүп кетемин. Сага жана сүйүүбүзгө кылган кыянаттарымды билсең дагы баарына көз жумуп, мени сүйөөрүңдү айткан сөзүңдөн эч кайтпадың. Мен ансайын көөп кеттимби айтор, билбейм.
Бир күнү адаттагыдай эле сайттан жазып калдың, жооп бергим келбей араң жооп жаздым. Ден-соолугумду сурадың, андан көп өтпөй эле мага чалдың. Алсам үнүң бир аз башкача экен. Эмне болгонуну билгим келсе дагы сурабадым. Жан дүйнөң ооруп турса дагы, мага билгизбей жылмайып сүйлөп жаткан экенсиң азыр ойлосом. Эгер ошондо акыркы жолу сүйлөшүп жатканымды билгенимде, телефонду шашып өчүрбөй сенден кечирим сурап, үнүңдү тажабай угуп-угуп алмакмын. Ошол күндөн көп өтпөй эле соц. тармактарга эч кирбей койдуң. Негедир сага үйрөнүп калыптырмын. Дайым эрте менен биринчи сенден смс келчү, бүгүн башкалардан гана келиптир. Эмне болгонун түшүнө албай, сени ар бир сайттан карап чыктым. Эч бир сайтка кирбепсиң. Ар кандай ойлорду ойлодум. Бир болсо телефону иштебей калды, же болбосо башка бирөөнү тапты деген ой менен жашап жүрө бердим. Адатагыдай эле түнү кыздар менен көңүл ачып, түшкө жуук үйгө кирип келдим дат телефонумду карадым, дагы деле тынч. Акыры чыдабай номериңе чалдым. Номериң дагы өчүрүлгөн экен. “Жакшы, сен кыз бир ооз айтпай менден кетипсиң, жок дегенде адамга окшоп коштошуп койсоң боло” – деп өзүмчө сүйлөнүп алдым. Арадан бир топ убакыт өттү, а сенден болсо дайын жок. Эрте менен туруп, жумушка жөнөйм. Жумуштан чыгып түнкү клубда кыздар менен эс алып жүрмөй адатым эч эле калбай, күндөн-күнгө шайтанга азгырылып жаттым. Айланамда сулуу-сулуу кыздар үйпөлөктөшүп эч зериктирбейт. Азыр ойлосом алар миң сулуу болгону менен сага эч ким тең келе албайт экен. Бүгүн жекшемби, эч жака чыкпай, жөн гана үйдө эс алгым келди. Соц. тармактардан сени карадым. Дале кирбептирсиң. Анан сенин достугуңдун арасынан бир кызга көзүм түшүп, ал кыз көзүмө жылуу учураганынан гости болуп, дружба жибердим. Сени сурайын деген максатта. Достугуна кошту. Ал кыз менен тааныштым. Көрсө ал мага алысыраак тууган болуп кетет экен. Үйдөгүлөрлү сурашып, жакындап кеттик. Анан сен экөөбүздүн мамилебиз жөнүндө баарыны төкпөй-чачпай айтып бердим. Жазгандарымды окуп, үн катпай койду.
Кайра дагы мен жаздым:
– Кечиресиз, эгер сиздин тынчыңызды алып койгон болсом.
Арадан бир күн өткөн соң:
– Мен азыр сизге бир нерсе дей албайм. Деги сиздин кабарыңыз жокпу?
– Түшүнбөдүм, эмнеден кабарым болушу керек менин? – деп дароо эле жооп жаздым.
– Түшүнүктүү, айыпка буюрбаңыз муну мен сизге айтышым керек.
Мен өтө шашма адаммын, ушул мүнөзүм өзүмө такыр жакпайт, сөздүн кабыргасынан коё:
– Эмне турмушка чыктыбы? Же башка жигит таптыбы? – деп жаза салдым.
– Кайдагы турмуш? Кайдагы жигит? Курбум… Курбум… мындан бир нече күн мурда көз жумду.
– Эмнеееее? Кандайча? Эмнеге көз жумат? Сен тамашалашып жатасыңбы? Чынын айтчы!
– “Курбум саратан оорусуна чалдыгып, аны баарыбыздан жашырып жүрө бериптир. Эч бир дары-дармек ичпей акыры өлүмгө душаар болуп, бизди таштап кете берди. Муну курбумду текшерген дарыгерлер бизге айтты. Дарыгерден сураныптыр, эч кимге айтпашыны. Баары жакшы менде деп курбум бизди алдап жүрүптүр. Акыркы күндөрү өңү кубарып, эсини жогото баштаганын дагы биз сарат оорусу менен ооруганын сезбептирбиз. Үч уктасак түшүбүзгө кирбеген нерсе болду. Азыр аябай оор абалдабыз. Сураныч жараатыбызды козгобоңузчу! Мындан ары сизге эч нерсе айтып беое албаймын ” – деп айтып жатканда, үстүмдөн бирөө муздак суу куюп жибергендей болду. Дене боюм калчылдап өмүрүмдө кыз үчүн ыйлабаган жаным ошол күнү ыйладым. Жер муштап көпкө чейин жаттым. Көзүмдөн өкүнүчтүн жаштары кылгырып агып жатты. Эртеси күнү сени каза болгонуңа ишенбей үйүңдүн дарегини алып, сен жашаган үйгө бардым. Барсам эки эжең, бир байкең жана ата-энең ыйлап, сени жоктоп, жаш кезиңден баштап, ушул күнгө чейинки сүрөттөрүңдү карап сени эскерип олтурушуптур. Менин ким экениме дагы анча маани беришпеди. Сенин кичине кезиңдеги кылык-жоруктарыңды айтып жатышкан сайын көз алдыма элесиң тартылып, жан дүйнөм жанчылып жатты. Мен дагы сенин жакындарыңа кошулуп ыйладым. Сенин мүрзөңдү сурап, жаныңда күн баткыча олтурдум. Эч ишенбедим. Түшүм болсо экен деп аябай тилендим, тилекке каршы түшүм эмес өңүм экен. Жаным! Мени кечир! Мени кечир! Мен сени сүйөмүн.
Мени кечир, кадырыңды эми түшүнүп жатамын. Билем сен азыр бул сөздөрүмдү укпайсың, анткени сен түбөлүктүү уйкудасын. Сендеги сүйүүнү мен эч бир кыздан жолуктура албадым. Өзүң оорукчан болсоң сени аяп, жакшы сөз айтуунун ордуна сени кыйнап, өлүмүңдү эрте чакырууга салым кошупмун. Бул окуя менен көп кыздар менен жүргөнмүн деп мактанмакчы эмесмин. Бул сөз менен эмне демекчимин? Сүйгөн адамыңарды өз убагында сыйлап, кадырына жеткиле, кийин кеч болуп калат.

Авторлору: ELmuSS&Аikapella.

Тектеш анекдоттор

Добавить комментарий

Проверьте также
Закрыть
Кнопка «Наверх»
Не копируйте текст!