∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апенди алыс жакта жүрсө, тааныган бирөө келип:
– Кайрат кыл, аялың өлүптүр – деп кайгырып туруп угузган экен. Анда Апенди:
– Өлбөсө деле ажырашканы жүргөм, – дептир.
Ысымы менен цитаталоо
Арыздануу
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
Апендинин артынан бирөө талпаңдап чуркап жетип:
– Сүйүнчү, Апенди, уулдуу болдуң! – дейт, жетине албай. Анда Апенди камаарабай:
– Уулдуу болсом мен болдум, а саа эмне жок?! – деген экен.
∗∗∗∗∗ANEKDOT.KG∗∗∗∗∗
– Карачы, тигинде бирөө кой жетелеп баратат, – дептир бирөө Апендиге.
-Ишим эмне? – дейт Апенди.
– Силердикине жетелеп баратат.
– А сенин ишиң эмне? – дептир анда Апенди.